Осмон РА ким болгон?

Күйөө баланы Пайгамбар сыйлаганбы же адептүүлүктүн өрнөгү Аз.Осмон бин Аффан. Ыйык курандын Фатх сүрөсүнүн акыркы аятынын баш жагында Улуу Төрт Халифага ишарат кылат! «Мухаммад – Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллаhтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң.» (Фатх сүрөсү 29-аят) Бул жерде «бири-бирине боорукер» деп, Аллах Осмон РАнун сыпатын айтууда. Ооба ушунчалык боорукер, атугүл өзүнүн жанын да берүүгө даяр. Биз үчүн жылдыз сыяктуу караңгылыкта жол көрсөткөн ар бир сахаба кайсы бир сыпаты менен ааламга даңк салат. Бирөө кылычы менен, бирөө байлыгы менен, бирөө ахлагы менен, бирөө сулуулугу менен дегендей. Аз.Осмондо баарысы бар эле. Бирок Осмон(р.а) эң көп уяттуулугу, жумшактыгы менен, мээримдүүлугү менен менен тилдерде дастан болот.

Смотрите также