Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
12 жашында Мээргүл Каракозиеванын кулагы укпай калган. Каарманыбыз мүмкүнчүлүгү чектелип калганына карабай, үч тил үйрөнүп, алты жылдан бери мейманкана бизнесинде жүрөт. Былтыр эл аралык уюмдарга долбоор жазып, Ош шаарында өзгөчө конок үйүн ачкан. Мээргүлдүн конок үйүн "Азаттыктын" кабарчысы көрүп келди.