Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
#ЭдилМаматов #ТобоКыл Сөзү: Жылдызбек Турсунбаев Обону: Сыймык Бейшекеев Аранжировка: Эдил Маматов ______ Өтүгүм жок деп кайгы тартпай туруп Бир ирет айланага караңыз да Башына түшкөнүнө моюн сунуп Буту жок жүргөндөр бар арабызда Манжама маржан шакек такпадым деп Муңканат эрке кыял обужоктор Жашоодон кымбат нерсе таппадым деп Жан үрөп жашап келет колу жоктор Ыйынып тирүүлүктөн азап тартып Ыйлашат кээ бирөөлөр дарексиз бир Ошондо унутпаса ыйлап жатып Көрбөгөн адамдарды карексиз бир Кымбат баа телефон деп элирбестен Канаат кыл кулагыңдын укканына Канчалар дүлөйлүккө берилбестен Камыкпай чыдашууда бүт баарына Суроого жооп бербей ыңгыранып Себепсиз бой көтөрбө улуксунуп Кудурет күчү менен сыртын салып Көрмөкмүн койсо Кудай дудук кылып Толгонуп болбос ишке кейий бербей Тобоо кыл тирүүлүккө келгениңе Тагдыр да сүйбөйт такыр жеңилгенди Тобоо кыл жашап жаткан деңгээлиңе. _____ Инстаграм: / edil.mamatov