Садыр Жапаров чын эле кыйын футболчубу? | Медетбек Букуев | Ernis Kyiaz podcast

⛔️ Эскертүү!!! Видео маегибизди уруксаатсыз көчүрүп, толугу менен же кескилеп ютуб каналына же соцтармактардагы баракчаларга жарыялагандарга карата биздин юристтер даттануу (жалоба) жазышат, сотко кайрылууга аргасыз болушат. Бирөөнүн интеллектуалдык эмгегин уурдабаңыздар, мээнетти сыйлаңыздар. 🙏 🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸 "Ernis Kyiaz podcast" ютуб каналынын коногу Медетбек Букуев. Кыргызстандын мини-футбол ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири; 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун артыкчылык менен аяктаган. 2001-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүрүп, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билим алган. 1983–1987-жылдары Москва шаарындагы Бүткүл союздук дене тарбия илимий-изилдөө институтунун аспирантурасында окуу менен бирге, СССРдин жогорку лигасында ойногон Москва шаарындагы «Торпедо» футбол командасында практикалык стажировкадан өткөн. 1988-жылы аспирантураны аяктап, футболдук машыгуулар боюнча диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты деген илимий даража алган. 1992-жылы Россия Федерациясынын Илим министрлигинин техникалык саясат боюнча Жогорку мектебинин чечими менен ага доцент деген илимий наам ыйгарылган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда көп жылдар бою иштеп, футбол жана гандбол кафедрасын жетектеген. Мини-футбол (футзал) тармагындагы кызматтары үчүн Медетбек Букуевге 2015-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамы ыйгарылган. 2016-жылы илим тармагындагы жетишкендиктери үчүн ага профессор илимий наамы берилген. Медетбек Букуев педагог, илимий кызматкер катары гана эмес, футзал жаатындагы адис катары да эмгектенип келет. Ал 5 монографиянын жана 50дөн ашуун илимий-публицистикалык эмгектердин автору. 2023-жылдын сентябрь айында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Президенттин Администрациясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер.

Смотрите также