Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сабактын темасы: «Сын ой жүгүртүү технологиясындагы «Бурчтар» деп аталган ыкманы колдонуу. Бул ыкманын өзгөчөлүгү балдарды конструктивдүү ой жүгүртүүгө, чар жайыт эмес, жемиштүү маек жүргүзүүгө үйрөтүүгө шарт түзгөнүндө. Мугалим койгон суроо бир жактуу жооптор менен чектелбей, ар түрдүү көз караштарды, пикирлерди пайда кылат. Аны колдонуу менен балдар өз көз караштарын негиздүү коргоп, далилдерге, фактыларга таянууну, логикалык, элестүү ой жүгүртүүгө үйрөнө алышат. «Бурчтар» ыкмасы сабактын ой жүгүртүү баскычында, б.а. тема тууралуу тиешелүү малыматтар алынып, өздөштүрүлгөн соң колдонулганы ынгайлуу.