Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Россиядан бензин менен дизель импорттогон бир катар өлкөлөрдө таңкыстык жарала баштады. Бул жагдай россиялык тараптын экспорттук чектөөлөрүнө байланыштуу. ЕАЭБге кирбеген, бирок Россиядан ГСМ алган Монголиянын май куйуучу жайларында күйүүчү май сатууга чектөө коюлуп, автоунаалардын узун кезеги топтолуп, таңкыстык жаралган видео тасмалар интернетке тарады. Ал эми Кыргызстан ЕАЭБке мүчө. Балким, ошол үчүн Россия ага азырынча экспорттук чектөө киргизе элек. Бирок анын өзүндө таңкыстык күч алса, өлкөнүн күйүүчү майга муктаждыгын камсыздоо үзгүлтүккө учурайбы деген кооптонуулар бар. Мына ушул түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети абалдын өзгөрүүсүн жабык карап, бир нече вариантты ичине камтыган антикризисттик чаралардын топтомун бекиткени белгилүү болду. Ошол эле кезде Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы кескин жогорулады. Жыл башынан бери бензин менен дизелдин наркы 5,5 сомдон 8,5 сомго чейин өстү. Кымбатчылыкты ооздуктоо жана таңкыстыктын алдын алуу боюнча антикризисттик чаралар иштелип чыгып жатканы айтылууда. Азырынча ал расмий жарыялана элек. Бирок, Министрлер кабинетиндеги ишенимдүү булактар таңкыстыктын алдын алуу үчүн импортерлорду жана мунай иштетүүчүлөрдү акциздик салыктан, кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмүнөн убактылуу бошотуу боюнча сунуштар каралып жатканын ырасташты. Мындай чаралар күйүүчү майдын жетиштүү запастарды камдоого жардам берип, кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.