"Нүзүп Аталык" спектакли

Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын негизинде коюлган "Нүзүп аталык" тарыхый драмасы. Кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң? Шералы жетим, тайэкелеринин колунда чоңойгон бир шорду. Жамаачы чокой кийип талаада мал кайтарып жүргөн жеринен, таякеси Нүзүп бийдин жардамы менен Хан тактысына отурат. Нүзүптүн жакшылыгы эки жылга жетпей унутулат. Ордодогу байлыкка, бийликке манчыркап көзүн май басып, төрдө илинген жамаачы чокойун тез эле унутуп, Ордо кутумдарынын бузукку сөзүнө кирип таякеси Нүзуптүн башын алдыртат. Доор алмашып, коом өзгөрсө да Шералынын чокою хандардын, падышалардын, президенттердин оорусу эмес Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыздын баш оорутмасы, трагедиясы! Ак үйгө кирип эле ажыдаарга айланып кетип жатканы, демек бийлик өкүмсүрүп жатканда “Шералынын чокою” түбөлуктүү ойго салат... Режиссер: Э.Эгенбердиев

Смотрите также