Гулсина Кожоярова / Нурзат Токтосунова / жан дүйнө / аялдардын укугу / бактылуулук

Үй-бүлөлүк Медиацияны кандай учурларда колдонсо болот? БАЛДАРДЫН кызыкчылыктары жана муктаждыктары Үй бүлөлүк медиациянын негизи! Үй-бүлөлүк медиация ажырашкандан кийин же ата-энеси эки башка жакта жашаган учурда БАЛДАРГА байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам берет: биргелешип тарбиялоо, багуу, жашаган жери жана балдардын жашоо шарты (бала бакча, мектеп тандоо ж.б.). Мүлк жана каржы бөлүштүрүү. Мурас бөлүштүрүү. Муундардын ортосундагы чыр-чатактар: ата-энелер менен өсүп келе жаткан же бойго жеткен балдардын ортосундагы чыр-чатактар, “муундардын ортосундагы пикир келишпестиктен” мамиленин бузулушу; үчүнчү муун – чоң энелер жана чоң аталар активдүү позицияны ээлеген чыр-чатактар; экинчи же үчүнчү муундун чектелген аймактык шарттарда жашоого аргасыз болгон үй-бүлөлөрдө пайда болгон уруштар. Асырап алынган балдарды камкордукка алуу, асырап алуу жана адаптациялоо маселелери боюнча талаш-тартыштар. Үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү, никесиз түгөйлөр, суррогат эне ж.б.

Смотрите также