Эне тилдүү эркин муунду кантип түптөйбүз? | "Эркиндик үнү" подкасты

Жакында эле орус армиясынын катарында согушкан кыргыз жигит “Ооба, кыргызмын, бирок өзүмдү орусиялык сезем" деп айтты. Бул кыргыз сегментинде жалаң орусча сүйлөп жүргөндөр келечекте ошол жигитке окшоп ой жүгүртүп калбайбы деген талкууга жол ачты. "Балам жалаң орусча сүйлөйт" деп мактангандар азыртадан ойлонушу керекпи? Учурда кыргызстандык балдардын тили башка тилде, өзгөчө орус тилинде чыгып жатканына эмне себеп? “Эркиндик үнү” подкастында жогорудагы суроолорго жооп издедик. Талкууга билим берүү багытындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров, Вашингтондон социолог-изилдөөчү, "Санаалаш" подкастынын автору Айсалкын Ботоева жана Канаданын Монреаль шаарынан каржы адиси, балдарга арналган блогдорду алып барып, китеп чыгарып жүргөн жазуучу Айсулуу Алмаз катышты. "Эркиндик үнү" подкастынын ушул жана башка чыгарылтарын төмөнкү шилтемелерден угуңуз: Spotify шилтемеси:
Google Podcast шилтемеси:
Apple Podcast шилтемеси:
_____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также