5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 15-сентябрындагы “5-октябрь Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” №187-б буйругун аткаруу максатында, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы #327-б " 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата бир айлык иш-чараларды шаар аймагында өткөрүү жөнүндө буйругунун негизинде бир күндүк иш-чара өткөрүлдү. Өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде, Таш-Көмүр шаарындагы Маданият сарайында өрт чыккан мезгилде куткаруу командалары тарабынан имаратта калып кеткен жарандарды куткаруу жана өрттү өчүрүү аракеттери практикалык түрдө көрсөтүлдү. Аталган иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри, Таш-Көмүр шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2-өзүнчө издөө-куткаруу отряды, ӨКМнин 6-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамы жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары катышты.

Смотрите также