Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
ЗАТ НЕРСЕ ЗАТ ЖАНА НЕРСЕ ДЕГЕН ЭМНЕ? Зат химияда негизги түшүнүк болгондуктан, анын нерседен болгон айырмасын билүү зарыл. Табият таануу, физика, биология предметтерин окуп үйрөнө баштаганда зат, нерсе (тело, буюм), система, айлана-чөйрө деген түшүнүктөр менен таанышкансыңар. Адам же адам баласы айлана-чөйрөгө салыштырмалуу биологиялык татаал система. Адам айлана-чөйрөгө жараша кийинип жана жеңилденип турат. Химияда изилдөө жана окуу үчүн алынган заттар же нерселер система деп аталат. Стакандагы сууну алсак, ал дагы айлана-чөйрөгө салыштырмалуу система болуп саналат. Мисалы, суу аба-ырайына жараша тоңуп музга, балкып суюктукка, бууланып газга (буу), конденцацияланып суюктукка айланып турат.