Чөнтөк телефон - балдарды алаксытуучу, “бала кароочу” болуп калды

Бизди дайыма сагынып, чыдамсыздык менен күткөн көрөмандарыбызга салам жолдойбуз✨️ Бүгүн OYDO'нун коноктору өздөрүнүн билими, жасаган иштери боюнча бизге кеп куруп беришет. Андыктан экранга жакын отуруңуз, биз баштадык🔥 Бүгүн биз психолог-консультант, тренер жана "Акбарак" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Жибек Кенжебаева болду. Ал эми экинчи коногубуз көпчүлүк балдардын сүймөнчүгүнө айланган невропатолог Аскар Талгатович. Жаш энелер чөнтөк телефонго балдарды алаксытуучу, “бала кароочу” буюм катары карап калышты. Бирок зыяндуулугун көпчүлүк капарга албайт. Бүгүнкү көрсөтүүдө билимдүү, өз ишин мыкты билген адистерибиз менен гаджет жана балдар, ата - эне менен балдардын ортосундагы мамиле, бир туугандар ортосундагы чыр чатактар жана аны адилеттүү чечүүнүн жолдору, кеч сүйлөгөн балдар жана физикалык жактан көп кыймылдабаган балдардардын келечеги туурасында кеп кылдык. Сиз балаңызга телефон бербөө үчүн эмнелерди жасайсыз? Комментарийге жазып калтырыңыз, балким башкаларга пайдасы тийип калат. Бул подкаст сизге жана сиздин балдарыңыз үчүн пайдалуу болоруна ишенебиз, андыктан башкалар менен бөлүшүп коюңуз.

Смотрите также