Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Береке! Байлыкка мол Ата Мекен. Жүрөккө бардыгынан жакын экен. Тянь-Шань! Деген бир сөз ойго түшсө, Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем. Тянь-Шань, жылдызыңдан жагылат шам, Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан, Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар, Эркиндик жолун ачкан Кең Тянь-Шань Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын, Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым. Таалайга тандап туруп жаралгансып, Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын. Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын, Кулакка симфония берет дайым. Бейкутка, берекеге белги болуп, Термелет тентек желге арча-кайың. Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың, Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө, Бай элим күтүрөтүп айдайт малын. Толкуп кетем толкуй берем...