Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жамиля Муратова - Ак Кайың Жарашыктуу жаштайын, Жадырыган жаз сайын. Жаш күнүмдөн тең өскөн, Жакшынакай ак кайың. Кайырма: Бутагыңа коноюн, Кыштын жолун тороюн. Жаштыгыңды менден ал, Аккан сууң болоюн. Тамашалуу жаштайын, Тармалдаган жаз сайын. Тай күнүмдөн тең өскөн, Татынакай ак кайың. Кайырма: Мен да өзгөрдүм сен көрдүң, Мен да көрдүм өнгөнүн. Жаштыгымды кайра бер, Сурабайм андан бөлөгүн. Кайырма: