Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ислам жана кино! Кино. Адамзат жашоосуна, психологиясына, тарыхына таасир бере алчу искусствонун маанилүү бир бутагы. Чыгармачылык тарабы менен гана чектелбестен дагы да көп пропагандалык күчтүү каражат катар да колдонулуп келет. Убакыттын өтүшү менен мусулман коомчулугу да болжол менен 150 жылдык тыныгуудан кийин ар кайсы тармакта өнүгө баштады. Бул тармактардын бирөөсү кино. Ооба учурда өзүбүздүн динибизди, тилибизди даңктаган, мактаган чыгармалар акырындан жарала баштады. Көптөн бери өз идеологиябызды туу тутунган кинолор болбогондуктан бул кинолор дароо эле рейтинг жарата алды. Себеби коомубуз мындай чыгармаларга суусап калган эле. Мындай өнүгүүгө шүгүр айтышыбыз керек. Бирок ушул эле жерде ойлондурчу олуттуу көйгөйлөр да жарала баштады. Биз мусулман коомчулугу кээ бирки маселелерде бул ийгиликтерге кандайдыр бир деңгээлде даяр эмес болуп калдык. Дагы эмне болуп кетти, кандайча даяр эмеспиз дейсизби? Анда, четинен баяндай баяндай берели.