Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди? | Жаңылыктар | 3.11.2025

Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Зилзаланын күчү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди. Кыргызстанда кыш жакындаганда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө кирди. Эми эртең менен жана кечинде элге 5 кВт эмес 3 кВт саат электр жарыгы берилет. Бишкектеги Сейтек STEM менчик мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 кишиге жетти. Мектепке 28 миң сом айып пул салынып, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин ашкананын иши убактылуу токтотулду. #бүгүназаттыкта #свет #ооганстан _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также