Депутат Момбеков карызга салынган жолдордун сапатын сынга алды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков сырттан карызга алынган жолдордун сапатын сынга алды. Эл өкүлү бул тууралуу Ысык-Көл айланма жолун курууга Сауд өнүктүрүү фондунан алынып жаткан насыя тууралуу сөз сүйлөп жатып билдирди. «Насыяны далбастап келген силер төлөбөйсүңөр, Каржы министрлиги төлөбөйт, карапайым эл төлөйт. Бишкек-Кара-Балта жолун баштабай жатып кайра оңдоп жатат, Талас-Тараз-Суусамыр жолу эки жылдан ашып кетти, кабыл албай жатасыңар. Балыкчы-Корумду жолунун мөөнөтү өтүп кетти, алиге чейин кабыл алына элек. Насыя алып жатабыз, жол салып жатабыз, камалганыңар камалып жатат. Кечээ 12 кишиңер камалды. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан төртөө камалды, Транспорт министрлигинин орун басары камалды. Кыргызстан 4 миллиард доллардай карыз алса, ошонун тең жарымы жолго кетти. Анан бул жолдун наркы беркисинен кымбат болуп жатпайбы», - деди Рыскелди Момбеков. Ысык-Көл айланма жолунун 80,5 чакырым жолун оңдоо үчүн насыялык макулдашууга 2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы королдугунун Эр-Рияд шаарында кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда кол коюлган. Долбоордун наркы 128 миллион доллар. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-июнда бул боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.

Смотрите также