Ырысбай Абдыраимов | Сүйүүнүн бир сааты | аудио китеп | аңгеме

Журналист жана жазуучу Ырысбай Абдраимовдун «Сүйүүнүн бир сааты» аңгемесин окудум. Турмуштан алынган окуяны, көпчүлүккө тааныш көрүнүштү баяндаган чыгарма экен. Сүйүүсүз, зордук менен курулган үй-бүлөнү аягында ушундай тагдыр күтөбү деп каласың. Күйөөсү менен баласы алыста – Москвада. Өзү болсо дарыланып жаткан сүйгөнүнө шашкан Айнагүл аягында андан да айрылат. Айнагүлгө боорум ооруду. Сизчи? Угуп көрүңүз.

Смотрите также