Кемпир-Абад иши: айыпталгандар акталды | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган 20дан ашуун саясатчы, активисттердин баарын актады. Ошентип 2022-жылдан бери келаткан ишке чекит коюлгандай болду. Бүгүн акталгандар өкүмдү сот адилеттигинин белгиси катары сыпаттап жатышат. Ошол эле маалда прокуратурада кийинки инстанцияга арыздануу укугу бар. Талаш талкуу жаратып келген Кемпир-Абад иши боюнча соттун бул чечими коомдук саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Чечимдин мааниси кандай? Бул суроолорго "Эксперттер талдайт" берүүсүндө жооп издейбиз. #кемпирабад #эксперттерталдайт #саясат #кыргызстан _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также