Курал Чокоев - Ажал келсе

с.о. Курал Чокоев Ажал келсе Ажал келсе карабайт Даярдыгың сурабайт! Алты күндүк өмүрдө Калат баары каралбай Жашоочудай түбөлүк Ачкөздөнүп жүрөбүз Чогултабыз дүнүйө Бул алты күндүк өмүрдө Аза күтөт 12 ай Андан ары жайма жай Жашоо нугу уланат Ар бир адам унтулат Бир тууганын, үй бүлөң Бүт чогулткан дүнүйөң Калат баары бул жакта Бул алты күндүк жалганда Ар бир адам унтулат Элес калат, ат калат Алда барып сүртүлөт Жылдар эстен өчүрөт Сүрөттөрүң эскирет Барып барып жыртылат Демек неге алдандык Кооздугуна жалгандын! Ажал келсе карабайт Даярдыгың сурабайт! Алты күндүк өмүрдө Калат баары каралбай Жашоочудай түбөлүк Ачкөздөнүп жүрөбүз Чогултабыз дүнүйө Бул алты күндүк өмүрдө #куралчокоев #ажалкелсе #кыргызстан

Смотрите также