Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Нарын-Баетов жолунун 8-чакырымынан 13-чакырымына чейинки беш чакырым жол быйыл асфальтталып пайдаланууга берилүүгө тийиш. Буга чейин Ак-Кыянын бели автоунаалардын каттамына ылайыкталып жапыздатылып, чукул бурулуштар кеңейтилген. Учурда Нарын шаарынан чыга берген жерден баштап, Ак-Кыянын түбүнө чейинки жолдун жээктери кеңейтилип, асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, төрт жерге агын сууларды өткөрө турган бетон шакекчелерди жаткыруу жумуштары жүргүзүлүп жатат. Курулуштун жүрүшүнөн кабарчыбыз Максат Абдракунов кабар алып келген