Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ошто кармалган ОПГ мүчөлөрүнүн арасында Р.Матраимовдун өкүл баласынын бир тууганы да бар болгонбу?
Кечээ, 17-февралда Твиттер социалдык тармагында "Инсайдер" деп катталган колдонуучу Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кармалган видеосун жүктөгөн. "Инсайдер" деп катталган колдонуу: "Жашыл түстөгү курткачан Нурбек Раимбеков. Мунар Сайпидиновдун бир тууганы" - деп жазган. Мунар Сайпидинов - Кара-Суу районундагы Савай айылынын башчысы. Ал Бажы кызматынын башчысы мурдагы орун басары Райымбек Матримовдун өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Укук коргоо органдары бул маалыматты журналисттерге тастыктап, кармалгандандын арасында Нурбек Раимбеков болгонун айтышкан. Алардын айткан маалыматында, 29-январда Ош шаарындагы "Изюм" ресторанынын жанынан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган. Кармалгандар бейбаштыкка шектелүүдө. Алар марттын аягына чейин ТИЗОдо камакка алынышты.