ДЕКРЕТ | ҮЙ-БҮЛӨ | ЖУМУШ | АКШ

Мисалы, менин кош бойлуу кезимде менеджерим "түштө "Апалар бөлмөсүндө" уктасаң болот, кыйналсаң үйүңдөн иште" деп көп жеңилдиктерди берген. Кийин кызымды төрөгөндө компания мага толук төлөнгөн үч ай декреттик эс алууга чыгарды, андан сырткары менеджерим эки ай үйдөн иштегенге уруксат берди. Кызыктуусу, жолдошум иштеген "Expedia inc" компаниясы ата болгон эркектерге да үч айлык декреттик эс алуу убактысын берет экен. Мен жумушка чыкканда жолдошум үч ай алып, андан кийин үйдөн иштеп, кызыбыз бир жашка чыкканча өзүбүз карадык. Азыр кызыбыз жумасына эки-үч күн бала бакчага барат, калган күндөрү өзүбүз үйдөн иштеп, карап жатабыз. Instagram: https://www.instagram.com/kg_usa/?hl=en
Telegram:
YouTube:    / kgusa   #ITтүгөйлөр #КыргызҮйбүлө #СергекЖашоо

Смотрите также