Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Түзүлгөн графикке 3-октябрда Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев эфирге чыкмак. Бирок Ташиев шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал эми Төрөбаев телеканал тарабынан акысыз берилген дебаттарга катышуудан баш тартарын айтып 26-сентябрда арыз менен кайрылган. Кийинчерээк ал чечимин өзгөртүп кайра дебатка катышууга ниеттенип жатканы маалымдалган. Бирок КТРК жетекчилиги аны графикке киргизүү мүмкүн эместигин билдирген.