Бир мектепте 6 агай бар Мектеп агайларга муктаж

Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы профессор Айып Идинов атындагы орто мектепте учурда 44 мугалим болсо, анын 6 мугалими агайлар. Бул тууралуу аймактык кабарчы агайлардын жашоо турмушу, аткарган иштери жана өмүр таржымалдарына токтолуп келди. Улуу инсандарды ар бир жаш билиши керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиңирген кыраандар жаш муундарга келечек, эркиндик арнаган аталар эч унутта калбашы керек. Алардын эрдиктерин унутуу бул маңкурттук, сокурлук. Анткени, алар ушул эркиндиктин, азаттыктын аталары. Кыргыз көчүнүн баштоочулары. Кыргыз элин эл катарына кошуп, калк сабатын жоюп, мамлекеттүүлүктү негиздеп, айтор, алар Кыргызстанды эркин, сабаттуу, гүлдөгөн өлкөгө айландырган чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн жан аябаган калк каймактары. Мындай улуу инсандарды, агайларды ар бир жаш муун билиши зарыл. Агайлар демекчи, азыркы кезде да жаш муунду тарбиялоодо эжекелердин арасында көч баштаган агайларыбыз билим берүүдө, алдыда турат.

Смотрите также