“Okugula” платформасын өлкөбүздөгү ар бир окуучуга жеткиликтүү кылгыбыз келет

Эмир менен Алихан Бишкек шаарындагы №67 мектептин окуучулары. Алар мектепте окуу менен катар курдаштарынын билим алуусун жеңилдетүү максатында “Окугула” деп аталган платформа иштеп чыгышкан. Бишкектин ар кыл мектептеринен окуучулар биргелешип, санариптешүүгө өз салымдарын кошуп жатышат. Алар өз мектептери жана Бишкек шаары менен эле токтоп калбастан болочокто айылдык мектептердеги курдаштарына да маалыматтардын жеткиликтүү болушу үчүн иштеп жатышыптыр. Бул подкастта “okugula.com” платформасынын иштеши, аткарган кызматы менен катар болочоктогу максаттары тууралуу айтып беришти. Тийиштүү шилтемелер: okugula.com okugula.kg

Смотрите также