Суу чыгарып акчасын ала албай жаткан ишкер/ Айылдыктар эмне дейт? Ак-Талаага барып келдик

Ак-Талаанын Кара-Ой айылына суу чыгарган ишкер эки жылдан бери акчасын ала албай жүрөт. Муса Жанызаков буга чейинки кайрылуусунда айылдыктар иш бүткөндө "жөн эле кетип кал" деп коркутушту деп арызданган. Бул ирет Тоголок Молдо айыл өкмөтүнө барып чоо-жайын дагы бир жолу тактап келдик. Кээ бир тургундар ишкер сууну талаптагыдай чыгарып бербегени үчүн төлөбөй жатканын айтышты. Кээде суу ылай келип каларын жүйө келтирүүдө. Бирок ошондон бери сууну жакшы эле ичип жатышканын айткандар да болду. Жумушун кымбат баалап алган дегендер да бар. Ал эми ишкер башында эле 7 млн сомго макул болуп анан чакырышканын, алар айткандай кылып жасап, суу тартып бергенин билдирди. Тараптардын пикирин угуп сиз да баа бериңиз. 00:00 — Анонс 00:57 — Сууну ичип атасыздарбы? 04:15 — Ушунча жерге эле ошончо акча кетип калабы?.. 06:52 — Эмгек акысын алыш керекпи акыры? 08:32 — Айылдыктар өзү ушул жерден чыгар дешкен 09:43 — Ылай суу чыкты дегени — акча бербештин айласы 12:10 — Булактын башынан деле тартып бермекмин, акчабыз жок дешкен 12:55 — Иш бүткөндөн кийин акчасын бербеген туурабы? 14:05 — Баарына айыл өкмөт башчы менен төрага күнөөлүү 14:27 — Шланг жаткырып койгонуна эле ушунча акча алабы? 17:15 — 3 млн. сом алган, ошол деле жетет 18:14 — Тоо боорунан суу алып түшүүгө кандай эмгек кетет 21:53 — Эл качан ылай суу ичти? 23:50 — Аялдар баштап барып суу кампаны тазаладык 24:51 — Мен суу кампага чейин жеткирип бергем 25:31 — Туптунук эле суу чыгып атат 27:09 — Түтүктөрдү көмбөй коюп, суу тоңуп калган 29:28 — Бул каз деген жеринен казыптыр да 31:48 — Булактан тартып келүү мунун планында жок экен да 33:01 — Акча төлөбөгөндөргө суу бербейли анда 33:59 — Айыл башчы эмне дейт? 35:23 — Азыр 70 миң сом чогулттук 37:17 — Эл менен сүйлөшүп чечишип ал 38:15 — Жаштар менен иштешсе мындай балекет болмок эмес 41:15 — Айыл өкмөт башчынын аракети 42:30 — Район акимчилиги жардам бере алабы? 45:48 — Ылай суу чыкканына менин күнөөм жок 47:06 — Ишкер көчөдө кала турган абалда

Смотрите также