16.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

“АТА-БЕЙИТТЕ” БАТКЕН ЧЕК-АРАСЫНДА КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕР ЭСКЕРИЛДИ. Бүгүн өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоп, өз өмүрүн берген жоокерлерге арналган эскерүү иш-чарасы өттү; БИШКЕКТЕ ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНА 150 ЖАҢЫ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ; Транспорт каражаттарын каттаган Жалал-Абаддагы башкармалык графигин узартып, түнкү саат бирге чейин иштей баштады. Анткени Кыргызстанда 1-октябрдан тартып чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу токтойт; Бишкек шаарында аткезчилик менен алып келинген ири өлчөмдөгү дары-дармектер сакталган кампа табылды. Бул кампа менен байланышы бар 10 дарыкананын иши токтотулду; Кыргызстанда 2026-жылдагы ажылыкка каттоо 23-сентябрда башталат. Жаңы талапкерлер "Элдик Банктын" ажылык эсебине алдын ала 2000 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1200 сом төлөшү зарыл. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также