Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы паркты ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы иш-чаранын башында символикалык түрдө боону чечти. Андан соң ал аймактын көрктөндүрүлүшү жана шаар тургундары менен меймандары үчүн эс алуу жана активдүү убакыт өткөрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 000 чарчы метрди түзөт. Паркты куруу иштери 2025-жылдын июнь айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.

Смотрите также