Агай // Нарын // Тамтыгы чыккан "ТАМ" // Мугалимди колдоо үчүн М-банк (500) 250-893 Баян

Баян Осмонов мугалим. 1993-жылкы. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ташбашат айылында туулган. 3 бир туугандын улуусу. 2011-жылы мектепти аяктап, Нарын шаарындагы НМУнун тилдер бөлүмүндө кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, 2015-жылы аяктаган. Окуу жайды бүтүп, АКИпресс маалымат агенттигинде 1 жарым жылга чукул штаттан сырткаркы кабарчы болуп эмгектенген. 2017-жылы Нарын районуна караштуу Орук-Там айылындагы Абышка Алсеитов атындагы орто мектебине жумушка кабыл алынып, ошондон бери ушул күнгө чейин мугалмдик кесипти аркалап келет. Учурда үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы… Мугалим маселесин айтып чыккан соң бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоосу менен тааншып кеткен. Таанышканы менен чеке жылытаарлык деле жаңылык айтып ийишпеди. Баян агайдын айтып чыккан маселеси ар бир жаш мугалимдин башында бар. Бул айылгабы же өлкөнүн башка бир алыскы айылындабы мектепте мугалим болуп иштеген жаш адистерге шарт түзүү зарылчылыгы орчундуу маселе экенин айтып турут.

Смотрите также