Дельфиндер сүйлөй алышабы?

Дельфин-сууда эң мыкты сүзгөн балык. Орточо узундугу 2.5 метр. Ал эми салмагы 150 кг чейин жетет. Бирок буга карабай өтө бат кыймылдап, саатына 40 км ылдамдык менен сүзө алат. Олжосун да өтө усталык менен тутат. Албетте мунун бир себеби анын денесинин жылмакай болгондугунда. Ошол эле кезде мурдунун жана маңдайынын учтуу болуусу да бат сүзгөнгө жардам берет. Инженерлер дал ушул дельфиндин түзүлүшүнө карап кемелердин формасын иштеп чыккан. Дельфиндер белгилүү бир убакытта суу үстүнө чыгып дем алып туруусу шарт. Ошондуктан алардын куйругу башка балыктардыкындай тигинен эмес, туурасынан жайгашкан. Бул алардын суунун үсүтүнө оңой чыа алуусуна жардам берет. Ал эми башынын үстүңкү бөлүгүндө болсо дем алуу тешикчеси бар. Суунун үстүнө чыкканда бул тешикче автоматтык түрдө ачылат да, сууга киргенде дароо жабылып калат. Дем алуу органдарына суу да, тамак да кирип кетпейт. Ошондуктан тумчугуп калуу коркунучу жок дельфиндерде жана суунун өтө терең жерлеринде ээн эркин аүыктана алышат. Ошол эле кезде терисинде кислородду сактай алуу өзгөчөлүгү бар. Бул өзгөчөлүк менен алар 200 метрдик тереңдиктеги сууда 10 мүнөткө чейин жүрө алышат. Илимпоздор көптөгөн жылдардан бери дельфинди изилдеп келишсе да жооп таба албаган суроолору көп. Алардын бирөөсү дельфиндердин коммуникациясы, байланышуусу. Дельфиндердин гидроакустикасы б.а. суу астындагы угуусу өтө мыкты өнүккөн. Бул жөндөмү менен ал алыста жүргөн олжолорун билет алат. Олжолорун билип эле калбастан канчалык алыста жүргөнүн, көлөмүн жана ылдамдыгын да биле алат. Алардын көздөрүнүн көрүүсү өтө жакшы. Бирок бул деңиздин терең жерлеринде жардам бере албайт. А гидроакустика аркылуу болсо олжолорун оңой эле таба алат. Дельфиндер бири-бири менен сүйлөшкөндү жакшы көргөн өтө таң калычтуу макулуктар. “Делфин тилинде” муун, сөз, сөз айкашы, абзац, контекст, атүгүл диалектилер да бар болгондугу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы айтууда. Алардын маеги эки ыкмада болот. Оо менин бир туугандарым. Көңүл буруп угуп туруңуз. Бул нерселер чынында керемет! 1. Ишаараттар менен-б.а. Секирүү, айлануу, куйругун кыймылдатуу сыяктуу кыймыл аракеттер менен оюн экинчи тарапка билдирет. 2. Үн менен-б.а. өздөрүнө таандык болгон тил менен, үн толкундары аркылуу маектешишет. Т.а. ызы-чуу, кыйкырык, шыңгыроо, чыкылдатуу, ышкырык, чыйылдоо сыяктуу үндөр менен пикир алышат. Булардын ичинен эң көп кодонулганы ышкырыка окшогон үндөр. Бул ышкырыктар менен алар бири-бирин жардамга чакыруу, саламдашуу, же жөн эле чакыруу сыякуу пикирлерин билдирет Дельфиндер 150 герцтен 150 000 герцке чейинки үндөрдү чыгарышат. Бул жыштыктагы үндөрдү адам уга албайт. Алардын үндөрүнүн ылдамдыгы да аябагандай жогорку ылдамдыкта болгондуктан, компьютердин жардамы менен бир нече эсе жайлатып гана угуу мүмкүн. Дельфиндер бир нече дельфинге да кайрыла алат жана ошол эле кезден алардын ичинен бир дельфинге да кайрыла алышат. Атүгүл дельфиндердин атайын топторго бөлүнгөн кудум биздикиндей сүйлөшө турган социалдык тармактары бар болгондугу аныкталган. Бул группада алар жерде алар ким менен сүйлөшсө болот, а ким менен сүйлөшсө болбой турганын тактай алышат. Илимпоздор дельфиндердин тилин изилдеп олтуруп учурда алардын 180 коммуникациялык белгисин б.а. сөзүн үйрөнүшкөн. Бирок дельфиндердин сөз байлыгы 14 000ге жете тургандыгын да аныкташкан. Ар бир дельфиндин өзүнө таандык аты да бар. Бул ат төрөлгөндө эле берилет. Ооба жаңылыш уккан жокусуз. Бул биз айткандар дельфин тууралуу учкай эле маалыматтар. Дельфиндин ар түзүлүшү тууралуу том томдогон китептерди жазса болчудай. А 21 кылымдын илим-технологиясы канчалык өнүксө да дельфиндердин маектешүүсүндөгү коддорду расшифрофка кылууга дарамети чынында жете элек. Ушул жерден суроолор туулат менин бир тууганым! Кантип? Кандайча? Дельфинге ким берди бул жөндөмдөрдү ага үйрөттү бул тилди жбус өзгөчөлүктөрдү. Кантип эле эволюциянын негизинде ушундай феномен болгон бир макулук өзүнөн-өзү пайда болуп калсын. Адамзат толук изилдеп, түшүнө албай, таң калып, башы жетпей олтурган бир система кантип өзүнөн-өзү жаралып калсын? Кантип акылсыз, көр, сезимзсиз табият жарата алсын бул гениалдуу жаратыкты? Ушул жерден бизге Курандан бир аят жооп берет. “Ал (Аллах) бардык нерселерди сонун кылып жараткан” (Сажда 7) Бул ааламда чынында Аллахты таанытпаган макулук негизи эле жок. Баары өзүнүн таң калычтуу жаратылуусу менен Аллахты көрсөтүп, далилдеп турат. Атом, нейтрон, протон, тоо-таш, бак дарак, жан-жаныбарлардан тартып тээ галлактикаларга чейин өздөрүнүн барлыгы менен, тартиби менен, кооздугу менен, айбатуулугу менен, кереметтүүлүгү, таң калычтуулугу менен кудум бир китеп сыяктуу Аллах Тааланы далилдеп, таанытып, көрсөтүп турат. Жогорудагы делбфин больсо бул керемет китептин бир эле тамгасы. Атүгүл бир чекит да боло албай калышы мүмкүн. Ошондуктан аалам китебин дагы да тереңирээк окуп, изилдейли! Натыйжада Аллах Таалага ишенүүнүн ыракатынын туу чокусуна жете алабыз!

Смотрите также