Чет өлкөдөн унаа ташып саткандар $6 млн. жоготту/ 100дөй адамды ким алдап кетти?

"Экс-Корея" фирмасынын директору Илья Свириненко 100дөй адамды 6,2 млн. сомго алдап кеткенин айтып кайрылышты. Ал ишкерлерге унааңарды Россияга сатып берем, кээ бирлерине Кытайдан машина алып келем деп алдап акча алган. Бирок баарын куржалак калтырган. Ал мынча көп каражатты (540 млн. сом) каякка коротту? Кылмышка шектелип Илья Свириненко кармалып, учурда сот иштери жүрүп жатат. Жабырлануучулар бир жылдан бери акчасын алуунун амалын таппай жүрөт. Ал арада айыпталуучунун атынан сүйлөшкөн бирөө "биз Ташиевдин адамдарыбыз, акчаңардан үмүтүңөрдү үзгүлө, ал казынага кеткен" деп коркутканын айтышты. Мындан улам жабырлануучулар УКМК төрагасына кайрылып, анын атын сатып, кылмыш кылып жаткандарга чара көрүүнү суранышты.

Смотрите также