Момбеков: Азыркы Конституциянын автору ким?

Рыскелди Момбеков: Азыркы Конституциянын автору ким? Ээси ким, мээси ким? Айтып койгулачы? 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат? Дүйнө салган депутат да кол коюптур, ал кантип кол койду. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатат, ал кантип кол койду? Бул долбоор Бөрүбашевдин колу, инструкциясы менен кирди. Элди алдабагыла. Бир дагы депутаттын аты жок кирди. Талант Турдумаматович, 20-январдагы жарлыгыңызды окуп коюңуз. Аталышы эки башка. Эртең бул депутаттар секирет, "мен кол койгон эмесмин" деп. Элдин талабы деп жатасыңар, элдин атынан бир кайрылуу киргизгилечи. Элдин талабы курултай болчу. Элди "кидайт" эттиңер, бизди дагы "кидайт" эттиңер.

Смотрите также