Балык бышыруу, эң оңой жолу // Ооз ачарга жеңил пайдалуу тамак! 🔥
Ассаламу алейкум достор! Даамдуу тамактар каналына кош келиңиздер! Бүгүн сиздерге дагы бир ооз ачарга даамдуу, пайдалуу, жеңил тамакты сунуштайм👍 Форель балыгын духовкада бышырабыз, каптал тамак үчүн ар кандай жашылчалар менен же жеңил салаттар менен берсек сонун болот, сууга бышкан күрүч дагы жасадым, рецепт каналымда бар: ➡️ Керектүү азыктар: Форель же башка деле балык болот Маринад үчүн: Өсүмдүк майы же зайтун майы 5 аш кашык Кызыл таттуу калемпир 1 чай кашык Кара мурч 0.5 чай кашык Балык үчүн татымал 2 чай кашык Туз татымына жараша (1.5 ч.к коштум) Сарымсак 1-2 тишче 1 лимондун ширеси Кургатылган розмарин 0.5 чай кашык Толтурмасына: Лимон 1 даана Пияз 1 даана Сабиз 1 даана Салат жалбырагы, калемпир, жашылчалар шартыңызга жараша. Балык 200-220 градуста 40-45 мүнөт бышат. Албетте балыктын салмагына жана көлөмүнө жараша. Мой инстаграм: / daamduu.tamaktar Мой телеграмм: По поводу рекламы и сотрудничества: #даамдуутамактар #кыргызчарецепттер #форель #балыкжасоо #форельвдуховке #ппрецепты