Ырыскелди Осмонкулов - Ай баратат [lyrics]

🎤 lyrics: Ырыскелди Осмонкулов - Ай баратат .......... Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десем сулуу ай, жетер элем, Көк деңизин булуттун кечер элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп. Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. .......... © Бардык укутар чыгарманы жараткан авторлорго таандык. Бул видео таанышуу максатында гана жасалды. Auto-generated by YouTube. #ЫрыскелдиОсмонкулов #айбаратат #ретроыр #эскиырлар #кыргызырлары #ыр #музыка #ырлар

Смотрите также