Болот Назаров - Жазында | Айт Айт Десе

Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   ЖАЗЫНДА Жазыма баргым келди Баргыча жазым келди Жоогазын гүлү менен... Ыргалып турганыңды Ыр кылып жазгым келди ..... Жүдөдүм бактым келди Жүрөккө каткым келди Өзүмдөн жоготконду Өзүңдөн тапкым келди Сырды ачып сага жазым Сырдашып кайткым келди Бир мага жакын үчүн Бир сага айткым келди ....... Буюккан түндөр өткөн Куюккан күндөр өткөн Бектерим барга көпкөн Элим бар жокко чөккөн Жерим бар тоосу бөккөн Тоолорун сактап калчу Тоолукта үмүт өчкөн Дебеймин Кайра өскөн Курчаган тоолор өлүп Куурады жашыл өстөн Тоо болбосо сен дагы Келбейт элең Тоолор үчүн келесиң Эмнеге сен ........ Эх жазым өзүң көргөн Мөгдөшүп эрип кулап Мөңгүлөр кейип турат Ырдагым келбей сага Ыйлагым келип турат ....... Баягы жайыттарды Бакжайган жайыктарды Башкалар алып алган Бармагын малып алган ....... Көбөйтсө айлык пулду Көбөйтүп айып пулду Кыйнады кымбатчылык Болгондой ачарчылык Болгонун кымбат кылып ...... Эл деген жигиттерди Эх канчоо жиликтенди Бир кезде ок жайлаган Бул кезде сот жайлаган Сотторду болсо бизде Соргок бир топ шайлаган ....... Жолдорум тапталбаган Чек арам такталбаган Чектери сакталбаган Корунуп жашап келем Кор болуп башкалардан Себеби ушунча жыл Бир нерсе колдон жасап Бийикке чыгарбасак Башка жок, башка аргам Үн сөзсүз түшүнүктү Үмүт чоң башкармадан ..... Жигиттер күчкө толгон Жиптерди минген бойдон Дейсиңби чепке кеткен Жокчулук тооругандан Жок алар четке кеткен ........ Шагылдан жол бошобой Шайлоодон кол бошобой Шоу менен бел ашабыз Шолоктоп келатабыз ......... Айтмакчы Жаңылап рульдарды Жаңырттык рольдорду Азайтып акторлоду Көбөйттүк клондорду Клондор фанат кылды Фейк менен троллдорду Тоо ашып келген жазым Толоорбу мунун орду .......... Тургунмун кимдер менен Туугандуу бийлер менен Туура бий болбосо да Туу кармап бирге келем Туурабы туура эмеспи Туурасын билбей келем Аа сен жазым Баарысын бирдей көргөн Баарына бирдей белең .... Бир ишкер салган ишке Барабыз лента кесип Бул өзү эмне кесип Түшүмдөн ойгонду элем Түшүнбөй койдум жетик ....... Эх жазым, менин жазым Келчи жаным Керемет сенин барың Мезгилди жашартырган Мекенди жашаттырган Көгүш көлдөр Көпкөк төрлөр Көңүлдө жашап турган Көзүмдөн жаш актырган Биздин тик-ток -
Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также