Абдыкерим Муратов | Чабалекейлер, кайра кайткыла! | аудио китеп

Абдыкерим Муратовдун чабалекейлер жөнүндө бул аңгемесин окуп сүйүндүм. Эмнеге? Анткени бул ажайып чымчыкка карата аңгемедеги чоң эненин айткандарын анын чөбүрөсү сыяктуу мен да кезинде чоң энемен уккан элем. Кудум эле Айбек болуп калдым аны окуп жатып. Мына бул сүрөттү (ушул видеонун сыртындагы) өзүм тарткам былтыр айылда чоң атамын үйүнө барганда. Дагы эле анда чабалекейлер чуркурап, уя салып жүрүшкөн экен. Алар мени кудум балалыгыма ээрчитип баргандай, кудум эле чоң атам, чоң энемдин тирүү кезине жетелегендей сезилген болчу ошондо. Азыр да Абдыкерим Муратовдун "Чабалекейлер, кайра кайткыла!" деген аңгемеси мага кайра ошол сезимди тартуулады. Чындап эле биз, кыргыздар, бул чымчыкты башкача эле жакшы көрөбүз. Анын үйдүн шыбына салган уясын аздектеп, эч кимге буздура койбойбуз. “Чабалекей ушул үйдү, ушул жерди уясы үчүн тандадыбы - демек, дал ушул үйгө, анын ээлерине жакшы ниети бар, аларды коргойт” деген сыяктуу айтып калышчу улуулар. Кыргыздар табигатка ушундай мамиле менен жашап келген кылымдар бою. Ушунуңан айланайым элим, дегим келет. Ушунубуздан айныбайлы, туугандар. Абдыкерим Муратовдун бул каналдагы башка чыгармаларын угуңуз;    • Абдыкерим Муратов | Азанчы | аудио китеп      • Абдыкерим Муратов | Ак кардагы ак бекет | ...      • Абдыкерим Муратов | Ак Мактым сулуу | Ауди...      • Абдыкерим Муратов | Кептеркана | аудио кит...      • Абдыкерим Муратов | Гаргарчи | аудио китеп      • Абдыкерим Муратов | Чек ара | аудио китеп ...      • Абдыкерим Муратов | Чочко | аудио китеп | ...  

Смотрите также