Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бир колунан ажыраган Айзат: “Шүгүр келтирем, бактылуумун”
Каарманыбыз Айзат Мамырай кызы 16-ноябрда 19 жашка толду. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, дене бою соо адамдан калышпай эмгектенет. Айзат азыркы коомдо аялзаты үчүн эң керектүү болгон өнөр ээси. Тагыраагы, ал өзүн жана башка кыз-келиндердин бетин боёп, жоолукту түрлөп салат, кулинардык курсту аяктаган жана тамакты түрлөп жасай алат. SUPER.KG порталы тагдырдын оор сыноосуна сынбай күрөшкөн эрктүү каарман менен маектешти.