Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Эки-Нарын көпүрөсүнүн урашы: Каза болгон айдоочунун жакындарынын арыз-муңу
Нарындагы көпүрө ураган кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп, каза болгон айдоочу Азамат Асанбеков жакындарынын жүрөгүндө мээримдүү уул, камкор ата катары калды. Маркумдун энеси уулун көз жаш менен эскерди: «Уулум көпүрөдөн өткөнү мектеп бүтүп калсын деп, балдар үчүн макул болуптур. Көпүрө ураганда балам "жардам, аркан" деп кыйкырган экен». Маркумдун артында үч баласы жана энеси калды. Толугу менен видеодо.