Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Артикл – бул кыргыз тилинде кездешпеген кызматчы сөз түркүмү болуп, англис тилинде сүйлөмдөрдү түзүүнүн эн негизги элементи катары мааниге ээ. Андагы сөздөрдүн ордун алмаштырууга болбойт, бирок керектүү маанини билдирүү үчүн артиклдер колдонулат. Алар белгилүү (the) жана белгисиз (a / an/) категориялардан турат. Аларды колдонуунун кабыл алынган жана так эрежеси болгондугуна карабастан, жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн туура артиклди тандоо дайыма кыйынчылык жаратат. Эгер анын так логикалык негиздерин өздөштүрүп алсаңыз, артиклдерди колдонуу жеңил болооруна ынанасыз. Сабакта бул тууралуу практикалык мисалдар, көнүгүүлөр жана таблицалар берилген.