Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кайрадан жогорулады. Айрыкча Манас шаарында соңку айларда бензин жана дизел отунунун наркы кескин кымбаттады. Айдоочулар мындай абал калктын капчыгына оордук келтирип жатканын белгилешүүдө. Адистердин айтымында, баанын өсүшү Орусиядагы кырдаалга жана дүйнөлүк мунай базарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Өлкө жетекчилиги жана тийиштүү мекемелер баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөткөн. Бирок экономисттер бул көрүнүш жалпы инфляцияга да терс таасир этерин эскертишүүдө. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм