✅ Таңкы рейд: Жолдун ордуна салынган үйлөр ачылат

🔶 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусун Абдыкадыров көчөсүн облустук суу чарба башкармалыгынан (Абдыкадыров көпүрөсүнөн) Б. Осмонов көчөсүнө түз чыгаруу боюнча бүгүн жумушту баштоону тапшырды. 🔶Андан сырткары Моминов көчөсүндө жаандан улам мындан ары суу ашпоосу үчүн, ирригациялык тутумду калыбына келтирүү, суунун нугуна курулуп калган курулуштарды жана үйлөрдү алып салуу маселелерин карап чыгып, жолдун ордуна үй салып алган жарандар менен сүйлөшүп, жолду ачуу боюнча макулдашылды. _______________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также