Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Агродрондун иштөө принциби – ал учуп чыкканда дароо спектрдик анализ жасай баштайт, топурактын нымдуулугун, канчалык гербициддерди жана жер семирткичтерди кошуу керек экенин, өсүмдүк кандай өсүп жатканын аныктайт. Анализ аяктагандан кийин #дрон жер семирткичтерди чачат. Бул Кыргыстан үчүн жаңы технология. #ИФАД каржылаган #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору "Чүй эколаборатория" компаниясынын демилгесин колдоп, аны ишке ашыруу үчүн 100 миң АКШ долларын бөлүп берген. Аталган долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу #АйылЧарбаДолбоорлорунИшкеАшыруу бөлүмү аркылуу аткарылууда. #IFAD #APIU #ПОДР #инновация #айылчарба