Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде Куршабтын Алдиер командасы 3-орунду ээледи.
Футбол боюнча жаш өспүрүмдөр арасында Өзбекстандын Кокон шаарында өткөн эл аралык турнирден биздин жигиттерибиз жакшы көрсөткүчтөр менен кайтып келишти. 11-12 жаштагы жаш футболчуларыбыз 16 команданын ичинен 3-орунду багындырды. Ал эми 14 жаштагы жигиттерибиз 5-орунду ээлешти. Куршабтын Алдиер футбол командасынын машыктыруучулары жана жаш футболчулары үчүн бул чоң жетишкендик жана зор тажрыйба болду. Жигиттерибиз мындан ары көптөгөн ийгиликтерди багындырып,кыргыз футболуна чоң салымдарын кошуп, дүйнөлүк аренада өздөрүн мыкты көрсөтө алат деп ишеним артабыз. Жаш футболчуларыбызга колдоо көрсөтүп, белек-бекчектери жана сый тамагы менен күтүп алган ата-энелер жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! Спорт- ден соолук!Спорт-достук! Алга Кыргызстан!🔥🔥🔥🇰🇬 Алга Алдиер Куршаб!🔥🔥🔥