7.11.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Камчыбек Ташиев "Аялзат" муниципалдык кризистик борборунда жашап жаткан 4 балалуу жалгыз бой келинге эки бөлмөлүү батир белек кылды; Жыл ичинде ар кандай инстанцияларга 13 миң жолу кайрылышса, алардын ичинен сотко болгону 115 гана жеткен. Кыргызстандагы үй-бүлөлүк агрессиянын өсүшү жана коргоо системасын күчөтүү маселеси талкууланды; Президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында АКШнын Президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты, финансы технологиялары жана жасалма интеллект тармагында өнүктүрүү маселелерин талкуулашты; Эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү аралыктан эле алмаштыруу мүмкүнчүлүгү киргизилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также