Эмне үчүн берүү маанилүү

Эмне үчүн берүү маанилүү? Насаатчы: доктор Гарольд Сейла «Жашоодо керектүү кеңештер» сериясы Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди… Жакан 3:16 Гарольд Сейла Филипиндеги бир уруу жашаган аймакка, Түндүк Лусон деп аталган кыйла кызыктуу районго учуп келди. Ал жерде уиклифтик Библия которуучулар Инжилди которуп, андагыларга таратып, алар Кудай Сөзүн алгачкы жолу колдоруна алышты. Алардын насааты ифугао жана илокано тилдерине которулуп жатты. «Бир киши: «Биз ушунча жарды болсок, ушунча бай Кудайга эмне үчүн беришибиз керек?» деген суроо берди» Гарольд үч себепти түшүндүрүп берди: 1. Ал Өз Сөзүндө ошону талап кылгандыктан беришибиз керек; 2. Берсек, Кудайдын батасын алабыз, ошондуктан беришибиз керек; 3. Сиз тартууларыңызды башка жактагы адамдар Кудай жөнүндө угушу үчүн берсеңиз болот. Ишеним жолунда өсүп, күн сайын руханий азык алып туруш үчүн, биздин Instagram, Facebook, TikTok баракчаларыбызга көңүл буруп туруңуз. Биз менен болгонуңузга рахмат!

Смотрите также