Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бул чыгарылышта биздин конок — Жапон кызы Мисузу! Ал жөн гана 3 айда кыргыз тилин өздөштүрүп, Кыргызстанга келип, бул жерде жашоонун түйшүгүн, кубанычын, маданий айырмачылыктарын башынан кечирген кызыктуу аял. Жаңы маек тартиби: • Мисузунун өмүр жолу: ата-энеси, үй-бүлөсү, бала кездеги кыялдары; • Кантип Кыргызстанга келип калды, эмне үчүн тандады?; • 3 айда кыргыз тилин кантип оңой үйрөндү — методикасын, кыйынчылыктарын; • Кыргызстанда эмнеге алектенет — бизнеси, иши, долбоорлору; • Жапон менен кыргыздардын айырмачылыктары — менталитет, каада-таазим, жашоо образы; • Кыргызстандагы жашоосунун эң кызыктуу, таң калыштуу учурлары, жетишкендиктери. Сөзсүз, бул маек — сонун маек болду! Бардык деталдарды акырындык менен сүйлөшүп, тереңдикке түшүп, жаңы түс ачтык. Подкасттын үстүнөн иштегендер: Автор: Камчибеков Канатбек Оператор: Ажыканов Калыс Монтаж-редактор: Молдокулова Токтокан Обложка: Карыпбаев Мээриман Социалдык тармактарыбыз: Instagram: @kana_podcast Почта: kanapodcaster@gmail.com Telegram / MBANK колдоо үчүн: 0704-50-77-77 Тайм-коддор 00:01:21 Башталышы / Киришүү 00:03:08 Мисузунун бала чагы 00:07:16 Кыргыз менталитети Японияда 00:11:56 Японияда тойлордо 150 адам чакырылган учурлар 00:16:30 Кыргыздардын Япония эли менен окшоштуктар 00:18:45 Япониядагы балыктын өзгөчөлүгү 00:20:10 Мисузу айымдын Кыргызстандагы бизнестери тууралуу 00:22:32 Мисузу айымга ыраазычылык 00:23:28 Япондордун кыргыз маданиятына кызыгуусу 00:24:57 Япондор менен кыргыздардын байланышы — бал уурдаган киши 00:26:39 Кыргыз суусундуктарына көнүп калдым 00:27:58 Дүкөнүндө эмнелер сатылат 00:28:33 Дүкөнүндө кандай адамдар иштешет 00:29:54 Япондор жаштарын мээнеткеч болууга кантип тарбиялады 00:31:14 Азыркы жаштар катуу сөзгө туруктуу эмес 00:32:39 Кыргызстанга Япониядан эмне керек / тазалык тууралууу 00:35:10 Япония мусулмандарга ыңгайлуу болуп бара жатат 00:36:36 Эмне себептен Японияда кыргыз мигранттар аз 00:39:06 Ражабалли Шайдуллаевди Японияда баары тааныйт 00:40:09 Эмне себептен Япониянын Кыргызстанга жардамы суздап кетти 00:41:53 Япония кантип азыркы деңгээлге жетти 00:43:23 Аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы Япониядан кеңеш 00:46:24 Японияда да делезоокурлор көп 00:47:10 Япониянын зордук-зомбулукка каршы иш-аракеттери 00:48:17 Кыргызстанда кыргыз тилин билбегендер жөнүндө 00:51:15 Кыргыз тилин билбеген кыргыздарга кеңеш 00:51:56 Эмне себептен орусча эмес кыргызча үйрөндүм 00:52:36 Кыргыз тилин үйрөнүүгө канча убак кетти 00:53:45 Кыргыз мырзаларынын аялга болгон мамилеси 00:54:58 Жеке таанышууга сунуштар болдубу 00:55:57 Кыргыз жигит менен баш кошуу жөнүндө 00:57:02 Калынга эмне сурайт 00:59:24 Японияда эркек жана аялдын ролу