Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Озгур айылындагы “Коңур жаз” аттуу тоок фермасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. 🔹Мэр ферманы кыдырып, өндүрүш процессин, тоок багуу технологияларын жана жумуш шарттарын көрүп чыкты. Ал бул тармактагы ишкердиктин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, тоок чарбачылыгы шаар экономикасына салым кошо алаарын белгиледи. 🔹Мындан тышкары, Жеңишбек Токторбаев мэриянын өз алдынча тоок фермасын ачуу сунушун айтты. Бул иш шаарды экологиялык таза жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болоорун кошумчалады.