Жаңылыктар | 5.11.2024 | АКШда президенттик шайлоо башталды, Эрдоган Бишкекте Гүлен темасын көтөрдү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолукту. Бул ирет да Фетхулла Гүлендин кыймылына байланыштуу маселе козголду. Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп жана вице-президент Камала Харрис жарышууда. Сот Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотту. Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди кармоо мыйзамсыз экенин билдирип, аны бошотууга чакырган. #акш #түркия #бүгүназаттыкта #шайлоо _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также