Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 101 жыл. Бул мааракеге карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жаңы кызматтык унаалар менен камсыздалды. Жаңы техникалар милиция кызматкерлеринин ыкчамдыгын арттырып, коомдук коопсуздукту камсыздоодо алардын ишин жеңилдетүүгө өбөлгө болот. Милициянын кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чара Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу академиялык драма театрында өттү. Иш чаранын жүрүшүндө кызматтык милдетин үлгүлүү аткарган ички иштер органдарынын кызматкерлерине Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды